www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Садыр Нургожоевич Акылбек Жапаровдон сак болушу керек», - деди бүгүн, 27-июнда NazarNews маалымат агенттигине Төрөбай Колубаев.

- Саламатсызбы, Төрөбай мырза! Казино ачуу мыйзамы бюджетти толтуруу үчүн жасалган аргасыз кадам десек болобу?

- Казино бюджетти толтурат деген жөн эле сөз. Ага карабай бийликтегилер баштарына таяк болуп тие турган мыйзамды, кол алдындагы депутаттар аркылуу үч окуудан өткөртүп алышты. Эми Акылбек Жапаровдун тилине кирген президент азабын жейт. Акылбек Жапаров ушул темп менен кете берсе, үчүнчү президентти аңга түртөт. Үчүнчү президенттин башын жутат...

- Эмнеге антип айтып жатасыз? Ал деле аргасыздан ушул кадамга барып жаткандыр да...

- Мага Акылбек Жапаров камырды тез ачыткан ачыткыдай эле сезилет. Жакшылап баам салсаңар ал көтөргөн маселелердин көбү элдин нааразычылыгын жаратат. Тагыраагы, эл көтөрүлүп, хандарды чаба турган сунуштарды берет.

Бирок, мунун тилине кирген президенттер гана кетет. А Акылбек Жапаров кийинки президент менен кызматташып кала берет. Ошон үчүн Садыр Нургожоевич Акылбек Жапаровдон сак болушу керек.

Ал берген сунуштарды ишке ашырууга киришпей, ойлонушу керек. Болбосо азабын ченебей тартып калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости