www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Микроскоп менен гана көрүүгө боло турган бир кристалдуу система дене табын, кан басымын, кандагы глюкозанын деңгээлин өлчөй алат.
Колумбия университетинин инженерлери ийненин ичине баткан дүйнөдөгү эң кичинекей чипти ойлоп табышты.
Чип ар кандай ооруларды аныктоо жана дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Учурда, жалпы көлөмү 0,1 мм³ден аз болгон куб түрүндөгү чип температураны өлчөөгө мүмкүнчүлүк берет, бирок келечекте анын жардамы менен кан басымын, кандын кычкылтек менен каныккандыгын, глюкозанын деңгээлин жана башка көптөгөн нерселерди көзөмөлдөөгө болот.
Чип кадимки медициналык ийненин жардамы менен булчуңга киргизилет, организмге мындай жети микрочипти киргизсе болот. Зымсыз кубаттоо жана ультра үндүн жардамы менен маалыматтарды берүү үчүн пьезоэлектрдик өткөргүч колдонулат.
Окумуштуулар чипти чычкандарда ийгиликтүү сынап көрүшкөн. Чычкандарга кадимки медициналык шприц менен булчуңга инъекция жолу менен жети чип салынган. Бул изилдөө Science Advances журналында жарыяланган.
Окумуштуулар келечекте чиптин бул түрүн адамдын денесине орнотуп, организмдин ар кандай параметрлери жөнүндө маалыматты зымсыз тармак аркылуу алууга мүмкүн болот деп божомолдошууда.
Окумуштуулардын максаты – органдардын иштеши жөнүндө маалымат алуу үчүн денеге сайыла турган чиптерди иштеп чыгуу. Изилдөө аяктагандан кийин, чипти алып салса болот.
Белгилей кетсек, мындай аппарат учурда жүрөктүн булчуңдарынын ишин, кан басымын жана дем алууну көзөмөлдөө үчүн колдонулат, бирок анын көлөмү алда-канча чоңураак келет. Ошондой эл аны тагынып жүрүү керек, батарейкасынын кубатын көзөмөлдөп, зымдары оролуп калбашы үчүн көзөмөлдөп туруу зарыл.
Булак: NazarNews.kg