www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент  Алмазбек Атамбаевди  басма сөз эркиндигин  муунтуп  жатат  деп сын таккандар  айтышууда.  Сиз кошуласызбы?

Президент  Алмазбек Атамбаев сөз эркиндигин муунтуну мындан үч жыл мурун эле баштап алган.  Тагыраак айтканда 2014-жылы ошол кездеги парламент 5-чакырылыштын депутаттары  кылмыш кодексинин 329-беренесине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү боюнча токтомду кабыл алышкан. Ошого байланыштуу атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн беренени киргизшкен. Анын  негизинде журналисттерди  атка  минерлер жөнүндө туура эмес жазгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 

Ал мүмкүнчүлүктү биринчилерден болуп азыркы кездеги  оппозициянын лидери болуп  камакта жаткан Өмүрбек Текебаев өзү баштап, мыйзамга президент  июнь айында кол койсо, ал киши август айында менин үстүмдөн  Свердлов  райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып «Адилет Айтикеев деген журналистти камап сот жообуна тартууңуздарды өтүнөм»-деген билдирүүсүн калтырган. Ошол кездеги ШИИБинин тергөөчүсү Аида Капарованы кысымга алып, качан камайсыңар,  кылмыш ишин козгойсуңар деп бир топ басымдарды жасаган. Мына ошол кезден сөз эркиндигин муунту аракети башталган.

Андан кийин жакындан баштап «Азаттык» «Заноза» сайттары дагы жазаланып жатышат.  Мына ушул кезде  бийлик журналисттерди эки жикке бөлүп салды. Тилекке каршы журналисттер  сөз эркиндиги, демократияга кызмат кылгандын ордуна  жарым жартылай бийликти жактап, калгандары бийликке каршы чыгып эки топко бөлүнүп калды. Бийликке каршы  сын жазган журналисттердин баарын «силер ушакчысыңар,  бийликтин  жасаган иш аракетин көргүңөр келбей жатат. Кыргызстанда чыр чатак чыгаргыңар келип жатат»-деп бийликтин акырынан жем жеген журналисттер тынбай бизди мазактап, ар кандай акцияларды уюштуруп келишкен. Мисалы  Улан Эгизбаев Жакшылык Бердибек уулу, Адилет Калыгулов деген жигиттер  «Анти Өрдөк» деп  Дайырбек Орунбеков экөөбүзгө  каршы акция өткөрүшкөн.

Азыр партиялашы тарабынан кысымга алынып жаткан Жанар Акаев дагы бир кезде бизди  булар ушакчылар деген мазактаган сөздөрдү айтып келишкен.  Азыр алар сөз эркиндиги  канчалык бизге маанилүү экендигин,  сөз эркиндиги өтө коркунучтуу абалга кептелгендигин мына ушунун баардыгын кеч болсо түшүнгөндүгү өтө жакшы. Буга чейин болуп көрбөгөндөй доо арыздар жүрүп жатат. Кандайдыр бир ойлонулбаган, атайылап жасалган иш аракеттер жүрүүдө. 

Акаев менен Бакиев убагында дагы  «Азаттык» радиосун теле берүүлөрүн бууп салган учурлар болгон. Бирок алардын банк эсептерин эч ким эч качан камакка алган эмес. Негизи эле Атамбаевдин бийлиги  демократияга жана сөз эркиндигине каршы  абдан ыплас аракеттерди жасап келе жатат. Булардын бийликке келгендеги максаты  кан төгүп бийликке жетип алсак, анан каалашыбызча  башкарабыз  деген ой менен келишкен. Ошол максаттарына жетип бүгүнкү күндө каалагандай хан болуп жатат. Атамбаев бул аракети менен кыргыз мамлекетинин түбүнө жетиши мүмкүн.

Баяна Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости