www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адилет Балтабай үч жылга шарттуу көзөмөлгө алынды

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке байланыштуу өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Адилет Балтабай 278-берененин "Жапырт башаламандык" негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулду.

Эске сала кетсек, Адилет Балтабай акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып активдүү катышып келген.

Мындан улам блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип, камакка алынган. Ал 30-июнда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалып, милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости