www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө жана байкоочу башка өлкөлөрдү Түркия менен Өзбекстандын ортосунда жакында киргизилген электрондук унаа уруксаттарын алмашуу системасына чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы Самаркандда өткөн саммитте билдирди.
Мамлекет башчысы күн тартибиндеги стратегиялык маанидеги дагы бир маанилүү маселе транспорт тармагындагы өз ара көз карандылыкты күчөтүү экенин баса белгиледи.
«Биз Транскаспий эл аралык коридору жөнүндө көп айтабыз, бирок олуттуу натыйжаларга жетүү үчүн көп иштерди жасашыбыз керек. Мисалы: Өзбекстан тышкы соода жүктөрүнүн 10 пайызын ушул транспорт коридору аркылуу ташыйт.
Биз транспорттук-транзиттик потенциалыбызды толук кандуу пайдалануу үчүн эмне кылышыбыз керек, кандай кошумча чаралар көрүлүшү керек, аларды кайсы мөөнөттө жана ким ишке ашырат деген суроолорго жооп табышыбыз керек», - деди Мирзиёев.
Ал бүгүнкү саммитте кабыл алынган Программанын негизинде транспорт министрлерине жыл аягына чейин биргелешкен кызматташуунун так планын жана натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.
«Биз аймактын транзиттик коридорлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, бизнес үчүн эң ыңгайлуу тарифтерди киргизүүгө жана заманбап транспорттук инфраструктураны түзүүгө басым жасашыбыз керек.
Ушул тапта биз уюмга кирген өлкөлөрдү Түркия менен Өзбекстандын ортосунда жакында киргизилген электрондук транспорттук уруксаттарды алмашуу системасына кошулууга чакырабыз», — деди Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин, Азербайжандын президенти Илхом Алиевдин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын төрагалыгы алдында өткөн жыйынга , Саммиттин ардактуу коногу – Түркмөнстандын Улуттук кеңешинин төрагасы Гурбан Бердымухамедов, уюмдун башкы катчысы Багдад Амреев да катышууда.
Булак: NazarNews.kg