www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотундагы отурумда Рита Карасартова сөз сүйлөдү. Ал Кемпир-Абад боюнча чечимге 90 адам жооп берерин билдирди.

"Биз эркиндикте калсак коомду дүрбөлөңгө салабыз деп баары коркушууда. КТРК биз тууралуу окуяларды толугу менен бир жактуу көрсөтүп жатат. Мен бардык эркин ЖМКларды келишим боюнча маалымат таратууну суранам. Кемпир-Абадды колдон чыгарбашыбыз керек, биригишибиз керек. Биз чиновниктерди барымтага алган жокпуз, митинг уюштурган жокпуз», - деди ал.

Эскерте кетсек, 23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 20 дан ашуун саясатчы жана жарандык активист кармалган. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куреновго издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости