www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүүдө. Адистер ооруга кабылгандардын көбөйүшүнө эмне себеп болуп жатканын айтты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Адистер оорунун көбөйүшүн төмөнкүлөр менен байланыштырышат:
1. Инфекциянын мутацияланган жаңы штаммдарынын пайда болушу (Түштүк Африка, Британия, Орус);
2. Жарандардын бардык чектөөлөрдүн түрлөрүнөн "тажаганы", мунун натыйжасында калк тарабынан алдын алуу чараларын толугу менен сактабоо (бет кап тагынбоо, жеке гигиенаны жана аралыкты сактабоо);
3. Калктын өзүнө жана башкаларга болгон социалдык жоопкерчилигинин төмөндүгү.
"Бирок ооруга кабылгандардын өсүшү лабораториялык диагностиканын жеткиликтүүлүгү менен байланыштуу. Бүгүнкү күндө COVID-19 диагнозун аныктоо боюнча лабораториялык кубаттуулуктар жогорулатылды. Алсак, өткөн жылдын июль айында 16 аппарат иштесе, быйыл 30 аппарат иштеп жатат. Былтыр күнүнө 1-2 миңге жакын изилдөө жүргүзүлүп, жеке лабораториялардагы баалар болжол менен 2 жарым миң сомду түзчү. Учурда күнүнө 8 миңге чейин анализдер текшерилип, жеке лабораториялардагы баалар 1 жарым миңге чейин төмөндөтүлдү.
Башкача айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу ооругандардын санынын жогорулашы лабораториялык анализдердин көбөйүшүнө байланыштуу", - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg