www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин журүшүндө башка маселелер менен катар «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» документи аймактагы тургундардын жашоосуна олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келиши керек.

«Мыйзамдын негизги милдети — жаңы жумушчу орундарын түзүү менен социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жашоочуларды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. Биз Баткен облусунда жашаган ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүүбүз керек. Адамдар ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жашашы керек», - деди Улукбек Марипов.

Ал үчүн аймакты өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөлдөө боюнча Координациялык кеңешти түзүү менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

«Жеңилдетилген каржылоонун механизмдери иштелип чыккан, облусту өнүктүрүү бюджетин түзүүнүн атайын тартиби бекитилген, мамлекеттик кепилдиктерди караган атайын салык жана инвестициялык режим киргизилген», - деп белгиледи экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Ал регионго өзгөчө статус берилгенден кийин, товарларды, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими киргизилерин жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеңилдиктер сунушталарын кошумчалады.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунун алкагында, Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана ага төмөнкү укуктардын ыйгарылуусу каралган:

- атайын функционалдык-административдик, уюштуруучулук-бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости