www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши боюнча кармалып, камакка алынган оператор Калыс Бактыбек уулунун (Ашырбаев) адвокаты Жалалдин Жунусов иш мыйзамсыз козголгонун айтууда.
Адвокат бул иш бийликти сындап келген журналист Санрабия Сатыбалдиеваны камоо үчүн ойлоп табылган деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.
"Мен арыз менен таанышсам, Баяна Кулова Шайырбек Ташиевди "бир тууган агам" деп, анын атынан арыз жазыптыр. Бирок Баянанын аты-жөнү, туулган жери да башка экен, демек бир тууган эмес. Ташиев үчүн жазып жаткан адам кантип жабырлануучу болот? Шайырбек Ташиев өз укугун өзү коргой албайбы? Жашы жете элек балабы же өзүнүн кыймыл-аракетин көзөмөлдөй албайбы? Кулова Ташиевдин асырап алган кишисиби? Кулова кантип анын атынан арыз жазат? Анын арызы дагы, ал боюнча "Опузалап акча талап кылуу" беренеси менен козголгон кылмыш иши да мыйзамсыз. Бул иш журналист кызды камоо үчүн атайын алдын ала ойлонулганы көрүнүп турат. Калысты кармаган күнү эле адвокатсыз сурап, көрсөтмө алышкан. Кулова Калыска тосмо арыз жазып берген, бирок сот көпкө кеңешип, Калысты 15 суткага камады. Аны кое берип жиберсе, көрсөтмөлөрүнөн баш тартып коет деп чочулашууда", - деди Жалалдин Жунусов.
Адвокат Жунусов оператордон Санрабия Сатыбалдиевага каршы көрсөтмө бериши талап кылынганын белгиледи.
Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шек саналып кармалган оператор Калыс Ашырбаевдин бөгөт чарасы 5-ноябрда каралып, 15 күнгө камалган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2016-2017-жылдары социалдык тармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылып таратып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар кармалганын маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg