www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен шек саналып жаткан төкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча кийинки соттук отурум 27-декабрда болот. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми шектүү Болот Назаровдун жактоочусу Бакытбек Автандил уулу Чүйдүн Москва райондук сотунда өткөн биринчи жараянда жабырлануучу тарап көрсөтмө бергенин, алар Болот Назаровго доосу жок экенин айтып соттон ишти кыскартууну суранганын билдирди.
Эске салсак, төкмө акын Болот Назаровду Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 9-ноябрда Чүйдүн Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган деген шек менен кармаган. Ал ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат.
Ал эми Болот Назаров болсо, 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, ага айылдын жашоочусу ат мингизгенин айтып, жылкыны кайра кайтарып бергенин билдирген эле.
Булак: NazarNews.kg