www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов БУУнун Тынчтык орнотуу операциялары боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен жолугушту.
Жолугушууда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, тынчтык орнотуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кызматташуунун негизги багыттарына өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин БУУнун тынчтык орнотуучу миссияларына катышуусунун географиясын кеңейтүү жана миссияларга тартылган кызматкерлердин санын көбөйтүү боюнча сунуштар айтылды.
Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун соңунда тараптар тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.