www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев статистика органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

“Урматтуу статистика органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана өзүмдүн атымдан сиздерди маанилүү дата – Кыргыз статистикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. 

Өткөн бир кылым ичинде ата мекендик статистика алгачкы калыптануу этаптарынан тартып бүгүнкү күндө заманбап, технологиялык жактан өнүккөн жана эл аралык коомчулукка интеграцияланган расмий статистика системасына айланганга чейинки татаал жана татыктуу өнүгүү жолун басып өттү.

Статистикалык кызматтын тарыхы биздин мамлекеттүүлүктүн өнүгүү тарыхы менен ажырагыс байланышта. Статистика тарых күзгүсү болуп, өлкөбүздөгү коллективдештирүү, индустриялаштыруу, маданий революция процесстерин, андан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун оор күндөрүн, жоготууларыбызды жана Улуу Жеңиштин баасын чагылдырды.

Улуттук статистика органы катары сиздер өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын 1 триллион сомго жеткендигин күбөлөндүрдүңүздөр жана кезекте 2 триллион сомдук чекке жеткендиги тууралуу кабартурат.

Дал сиздер менен бирге өлкөбүз 6 миллионунчу жана
7 миллионунчу жарандын төрөлгөндүгүн майрамдады.

Ар кандай мезгилдерде – экономикалык өзгөрүүлөрдүн, түзүмдүк реформалардын жана көз карандысыз мамлекетти калыптандыруунун шартында объективдүү статистикалык маалыматтар стратегиялык чечимдерди кабыл алууда, социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландаштырууда жана жүргүзүлүп жаткан саясаттын жыйынтыктарын баалоодо ишенимдүү негиз болуп кызмат кылды.

Тез өзгөрүп жаткан глобалдык санариптешүү шартында жана сапаттуу, өз убагында жана салыштырмалуу маалыматтарга болгон суроо-талаптын өсүшү менен статистиканын ролу өзгөчө стратегиялык мааниге ээ болууда. Бизге улуттук кызыкчылыктарга жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап, ачык жана технологиялык расмий статистика системасын өнүктүрүү зарыл.

Акыркы жылдары өлкөнүн статистикалык системасы динамикалуу өнүгүп жатат: эл аралык стандарттар жана заманбап методологиялар киргизилүүдө, статистикалык бизнес-процесстер өркүндөтүлүүдө, санариптик технологиялар жана жаңы маалымат булактары активдүү колдонулууда. Бул коомдун ишенимин бекемдөөгө, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке интеграцияланууга өбөлгө түзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөн гана мамлекеттик орган эмес – ал Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча өлкөнүн ишин координациялаган эл аралык системанын ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Кыргыз статистикасы эл аралык деңгээлде ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары өзүн татыктуу көрсөтүп келет, кесиптик көз карандысыздык, объективдүүлүк жана расмий статистиканын эл аралык стандарттарын сактоо принциптерин бекем карманууда. Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитети глобалдык жана аймактык статистикалык платформалардын ишине активдүү катышып, эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтары менен кызматташууну чыңдап, заманбап методологиялык ыкмаларды өнүктүрүүгө жана алдынкы тажрыйбаларды алмашууга өз салымын кошууда.

Улуттук статистиканын жетишкендиктери – бул өзүнүн терең квалификациялуулугу, жоопкерчиликтүүлүгү менен айырмаланган адистердин жогорку кесипкөйлүгүнүн жана өз ишине берилгендигинин, көп жылдык талыкпас эмгегинин мыйзам ченемдүү натыйжасы. 

Алардын компетенттүүлүгү, принципиалдуулугу жана дайыма алдыга карай умтулгандыгы расмий статистиканын сапатын, объективдүүлүгүн жана аброюн камсыз кылууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кесиптик салттардын, объективдүүлүктүн, көз карандысыздыктын жана жоопкерчиликтин бекем пайдубалын түптөгөн статистика кызматынын ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, мамлекеттик башкаруу институттарын чыңдоого, маалыматтар менен иштөөнүн заманбап маданиятын калыптандырууга, ошондой эле эл аралык статистиканын өнүгүшүнө кошкон салымы жылдан жылга арта берет деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык, жаңы жетишкендиктерди, чыгармачылык шыктанууну жана өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн жасаган жоопкерчиликтүү жана асыл ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди каалайм”.

Последние новости