www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-апрелде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы бир катар ири курулуш объектилерин кыдырды.
1. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Ынтымак” турак жай комплекси
Учурда бул объектте 40тан ашык блокто курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.
Объектиде динамикалык параметрлерди текшерүү ыкмалары көрсөтүлдү.
2. “Роял” турак жай комплекси (101 метр, 27 кабат)
Аталган объект учурда Бишкектеги эң бийик имарат экени көрсөтүлүп, андагы конструкциялык иштер жана курулуш ченемдери боюнча айтылды.
3. “Нео Сити” көп функционалдуу комплекси (26 кабат)
Министр бул объектте заманбап курулуш технологиялары колдонулуп жатканын белгилеп, инвестициялык долбоорлор боюнча суроолорго жооп берди.
4. Президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан мектеп (Арча-Бешик ж/м)
1200 орундуу билим берүү мекемесинин курулушу жүрүп жатканы маалымдалды. Объекттин жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.
Пресс-тур суроо-жооп форматында уланып, министр журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.