www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн менен биргеликте “Jashyl Dem Fest | JAZ 2026” жазгы экологиялык фестивалына катышты.
МинКаб Төрагасы жана МинКабдын мүчөлөрү “Ала-Тоо” полигонунда пландалган аскердик машыгуулар аяктагандан кийин баары биргеликте экологиялык иш-чарага келишти.
Фестивалдын борбордук иш-чарасы флагштоктун жанында жайгашкан Байтик айылында (Боз-Бөлтөк аймагы) өттү. Анда Адылбек Касымалиев жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү бадам, жаңгак жана өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.
Акциянын жүрүшүндө МинКаб Төрагагасы бакчаларды отургузулган көчөттөрдүн мындан ары да каралуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Көчөт отургузуу - бул биринчи гана кадам. Эң негизги жана жоопкерчиликтүү кадам - аларды системалуу жана сапаттуу кароо. Бүгүнкү күндө ар бир отургузулган көчөт көңүл бурууну, өз убагында сугарууну, камкордукту талап кылат, ал өсүп келе жаткан муундарга татыктуу мурас болуп кала турган толук кандуу бакчага айлансын", - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Бул аймак Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагында, ал зарыл болгон агротехникалык иштердин баарын аткарат, анын ичинде сугарууну жана отургузулган бак-дарактарды коргоону камсыз кылат.
Эки күндүк экологиялык марафондо (4-5-апрель) жалпысынан 70 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда: Чүй облусунда 40 миң, башка аймактарда дагы 30 миң көчөт отургузулат.