www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын бийлиги калкынын саны боюнча өлкөдөгү экинчи шаар эсептелген Кандагар талибандардын көзөмөлүнө өткөнүн ырастады.

Күн мурун "Талибан" кыймылы Афганистандагы экинчи жана үчүнчү ири шаарды — Герат менен Кандагарды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Бүгүн маанилүү стратегиялык пункт эсептелген Лашкаргах да талибдерге өткөнү ырасталды.

2021-жылдын август айына чейин талибдер Афганистандын калк аз жайгашкан райондорун гана көзөмөлдөп келген. Бир апта мурун алар 34 аймактын борбор шаарларынын алгачкычын — Зарандж калаасын басып алышкан. Бүгүнкү күндө облустук борборлордун дээрлик үчтөн экиси "Талибандын" көзөмөлүнө өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости