www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистанда ачарчылык кризиси эл аралык каржылык жардамдын жетишсиздигинен улам барган сайын курчуп баратат. Учурдагы кыш мезгилинде ачарчылыктан улам, айрыкча балдар арасындагы өлүмдүн көбөйүү коркунучу жогору. Бул тууралуу 16-декабрда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) билдирди.
БУУнун маалыматына ылайык, дүйнөлүк азык-түлүк программасы ондогон жылдар ичинде алгач ирет жетишси тамактануудан жабыркап жаткан миллиондогон афгандыктарды толук көлөмдө азык-түлүк камсыздай албай калган.
2021-жылдан бери, АКШ баштаган эл аралык күчтөр Афганистандан чыгып, “Талибан” кайрадан бийликке келгенден кийин, өлкөгө көрсөтүлүп келген гумантирадык жардамдардын көлөмү олуттуу кыскарган. Ага кошумча, жер титирөө сыяктуу кырсыктар кырдаалды ого бетер татаалдаткан.
БУУ агенттигинин билдирүүсүндө айтылгандай алсыз абалда турган 6 миллион афганды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн 460 миллион доллардан ашык каражат талап кылынат.
Маалыматта белгиленгендей, балдар арасындагы жетишсиз тамактануу акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку деңгээлге жеткен.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эсептөөлөрүнө ылайык, учурда 17 миллион адам ачарчылыктан жабыркап жатат, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 3 миллионго көп. Мунун өсүшүнө коңшу Иран жана Пакистандан депортацияланган миллиондогон афган мигранттары жана качкындары да таасир эткен.
Эң суук кыш айларында азык-түлүк тартыштыгы күчөп, балдардын өлүмү көбөйүшү мүмкүн экени эскертилди.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу маселелери боюнча директору Жан-Мартин Бауэр Женевада өткөн маалымат жыйынында уюм учурда болгону 12 пайыз гана каржыланганын, бул олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Анын айтымында, 3,7 миллион афган баласы жетишсиз тамактануудан жабыркап жатат, алардын 1 миллиону оор абалда.
Эске салсак, буга чейин Өзбекстан 2021-жылдан бери алгач ирет Афганистан менен чек араны ачканы маалымдалган. Муну менен эки өлкө ортосунда жүргүнчүлөр түз жана коопсуз каттай баштады. Ошол эле учурда виза режими күчүндө калууда.
Камила Кабилова, Ташкент