www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда дүйнөдө мамлекеттер аралык чек аралардын такталбаганынан улам өлкөлөр ортосунда куралдуу кагылышууларга чейин жеткен талаштар бир топ. Эске салсак, убагында империя болгон Россия, кийин держава болгон СССР да Кытай менен чек арасын дээрлик жүз жылдап тактай алган эмес.

Гордий түйүнү кантип пайда болгон?

Өзүбүзгө келсек, башында Россия империясынын курамына кирип жатканда анын административдик аймагы катарында гана статусу бар, бирок өз алдынча мамлекет болбогон Борбор Азиядагы ири улуттардын мамлекеттик түзүлүштөрү формалдуу гана болгон. Атүгүл өзүнчө улут болгон казак туугандарыбыздын падышалык Россия тарабынан «кыргыздар» аталып, казак менен кыргыздардын өз алдынча улуттар экенинин так ажырымдалбай келгенинин өзү да империя үчүн жергиликтүү калктардын улуттук өзгөчөлүктөрү анчалык маанилүү болбостон, территория жана жаратылыштык ресурстар катарында гана мааниге ээ болгонун көрсөтүп тургандай.

Мына ошондон улам, 1917-жылдагы революциядан кийин Совет мамлекети орногондо да анын жаңы улуттук саясатына ылайык улуттук автономиялар түзүлүп жатканда чек аралар улуттардын жашаган аймактары (аймактардын улуттук курамы) боюнча калыс бөлүнбөй, талаштуу чек аралар калыптанган. Ал боюнча жазылып да, айтылып да бүтпөй келет.

Албетте, совет мамлекети жашап турган убакта чек ара маселе болгон эмес. Анткени республикалар бирдиктүү бир мамлекеттин — СССРдин — курамында туруп, чек аралар формалдуу гана болуп, бирдиктүү паспорт, бирдиктүү валюта, бирдиктүү армия, дээрлик бирдей мыйзамдар менен жашашкандыктан чек аралар мамлекеттик болбостон, административдик гана болгон. Ошондуктан республикалык гана эмес, жергиликтүү бийлик башчылары тарабынан чарба жүргүзүүнүн ыңгайына карата жер участоктору бир республикадан экинчи республиканын карамагына берилип, атүгүл чарбалардын жетекчилери тарабынан да алмашылып кеткен фактылар көп кездешкен.

Мунун кесепетин СССР тарагандан кийин өз алдынча мамлекет болгондо көрбөдүкпү! Чек ара маселеси грек уламышындагы Гордий (чечилбес) түйүнүнө айланып, дээрлик отуз жыл аралыгында мамлекеттер ортосунда талаштарга себеп болуп, мурда бир өлкө — СССР — болуп турганда түзүлүп калган чарбалык гана эмес, адамдар ортосундагы туугандык да өз ара карым-катнаштарга тоскоолдук жаратты. Ошондон улам мамлекеттер арасындагы талаш-тартыштарга, атүгүл (Тажикстан менен Кыргызстан) куралдуу кагылышууларга чейин жетти. Мындай кагылышуулар СССР убагында да болгонун айта кетели.

Бирок азыркы дүйнө жүзүндө интеграциялык процесстер күчөп, экономикалык мамилелердин мамлекеттердин өнүгүшүнө тийгизген таасирин эске алганда, бул канчалык кыйын маселе болбосун, эртедир-кечтир чечилиши керек болчу. Ал канчалык эрте чечилсе, ошончолук жеңил да болмок. Тилекке каршы, өлкөбүздүн мурдагы жетекчилери тарабынан мындай оор маселени чечүүгө аракеттер жасалбай, тактап айтканда, эрк жана чечкиндүүлүк жетишпей, улам кийинкисине калтырылып келген.

Чечилбес түйүн кантип чечилди?

Мына ушундай кырдаалда Президенттин тапшырмасы менен Камчыбек Ташиев чек аралар боюнча өкмөттөр аралык комиссияны жетектөө менен ушул Гордий түйүнүн чечүү боюнча негизги жоопкерчиликти өзүнө алды. Ал учурда коомубузда Өзбекстан менен да, өзгөчө Тажикстан менен да чек аранын калыс, эки тараптын тең кызыкчылыктарына доо келтирилбей чечилишин мындай кой, дегеле чечиле турганына ишенич дээрлик жок болчу.

Анын үстүнө ошол кездеги айрым оппозициялык күчтөр тарабынан бул маселе өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланылуу аракетине жем таштап берген. Алар мындай мүмкүнчүлүктү кое бербей, ушул чек ара маселелерин чечүү процесси жүрүп жатканда эл арасында бийликке карата нааразычылык жаратууга аракеттенип да көрүштү.

Ага карабастан, Камчыбек Кыдыршаевич жана анын командасы мамлекеттин эртеңин жана кызыкчылыгын көздөө менен чечкиндүүлүк жана компетенттүүлүк көрсөтүп, андай кутумчул аракеттерге алдырбай ишти уланта беришти.

Ошентип, акырындап көптөгөн талаш-тартыштардын жана компромистердин натыйжасында эки кошунабыз менен эң татаал маселе чечилип, дээрлик отуз жылга созулган «чек ара эпопеясына» чекит коюлду. Азыр чек ара боюнча келишимдер күчүнө кирип, аны демаркациялоо иштери дээрлик аягына чыгып калды.

Бул эми эзелтеден кошуна жашап, өз ара мамилелеш болуп келишкен улуттар, мамлекеттер ортосунда чек ара боюнча көйгөй жаралбайт дегенди билдирет.

Баса, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон да «Өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары жөнүндө» бүгүнкү (17-декабрдагы) кайрылуусунда Тажикстан үчүн маанилүү окуя болуп эки республиканын — Тажикстан менен Кыргызстандын — ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыктарын аныктоо жөнүндө келишимге кол коюлушу менен акыркы дээрлик 100 жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесинин толук чечилишин тарыхый окуя катары баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин ортосундагы үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилиш чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Ходженд декларациясына кол коюлганын, бул аймакты өнүктүрүү жана андан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн бекем юридикалык негиз түзөрүн билдирди.

Ушундай эле болсун!

Ал ортодо чек ара аймактарынан көчүрүлүп келинген жарандарыбыз үчүн заманбап, ыңгайлуу турак жайлар курулуп, пайдаланууга бериле баштады. Бул мамлекетибиздин өз жарандарына көргөн камкордугу болуп калды.

Последние новости