www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мехико шаарынын конгрессинин жыйыны маалында бийликтеги Morena партиясынын жана оппозициядагы PAN партиясынын өкүлдөрү ортосунда жаңжал чыкты. Окуяга байланыштуу депутаттардын жыйыны жана анын түз эфирдеги көрсөтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу кун.уз жазып чыкты.
Жаңжал шаардык ачыктын жана маалыматка жетүү маселелери боюнча орган — InfoCDMXти реформалоону караган маселе талкууланып жаткан учурда чыккан. PAN партиясынын депутаттары бул демилгеге каршы экенин билдирип, триубанын ээлеп алышкан. Жыйынды улантуу аракети көрүлгөн учурда эки фракциянын өкулдөрү ортосунда келишпестик жаралып, түртүшүү болуп, ортодо чыр чыккан.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, трибунада турган PAN партиясынын депутаты Клаудия Переске жаңжалдан кийин медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал окуя боюнча кылмыш ишин козгоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылууда.
Окуяга комментарий берген Morena фракциясынын координатору Сочитль Браво Telediario телеканалына берген маегинде депутат Клаудия Перестин укуктары толук кепилденгенин жана ал мыйзам чегинде каалаган юридикалык аракеттерди көрүүгө укуктуу экенин билдирди. Анын айтымында, башка депутаттар да ушундай кадамдарга барууга укуктуу.
Жаңжалдан кийин жыйын үзгүлтүккө учурап, кийинчерээк оппозициянын айрым өкүлдөрүнүн катышуусуз альтернативдүү залда улантылган. Натыйжада Morena партиясынын көпчүлүк депутаттары реформаны колдоп добуш беришкен.
Бийликчил партия өкүлдөрү кабыл алынган өзгөртүүлөр InfoCDMXти жоюуну көздөбөй турганын, тескерисинче, анын институттук трансформациясын жүргүзүп, маалыматка жетүүнү камсыз кылуу жана жеке маалыматтарды коргоо функциялары сакталары белгилешти.