www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Африкада жайгашкан Гвинея өлкөсүндө биринчи жолу Марбург оорусунан каза болгон бейтап катталды. Бул маалыматты расмий түрдө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Гвинея мамлекетинин өкмөтү тастыктады.

Марбург оорусун козгогон вирус Эбола вирусуна окшош болот. Ал Covid-19 пандемиясына алып келген коронавирус сыяктуу эле айбанаттардан адамга жугат.

«Би-би-си» билдиргендей, аты-жөнү айтылбаган бейтап 25-июлда ооруп калган. 2-августта Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леоне мамлекеттери чектешкен Гукеду шаарына жакын жердеги айылда каза болгон. Маркумду маляриядан дарылап жатышкан, Эбола вирусуна тапшырган анализи таза чыккан. Бирок маркум каза болгондон кийин ткандарын изилдешкенде, анын организминде Марбург вирусу бар экени аныкталган.

Марбург оорусу тууралуу эмне белгилүү?

Бул сейрек кездешүүчү вирус алгачкы жолу 1967-жылы Германиянын Марбург шаарында табылган. Анын жайылышына Африкадан изилдөө үчүн алынып келген жашыл маймылдар (мартышка) себеп болгон. Марбург шаарында вирусту жалпы 31 адам жуктуруп, анын ичинен жетөө каза болгон. Андан кийин Марбург вирусу Судан, Кения, Ангола, Уганда, Түштүк Африка Республикасында жана Конго Демократиялык Республикасында чыккан.

Марбург вирусу тамак сиңирүү органдарынын жана борбордук нерв системасынын иштөөсүнө тоскоол болот. Дарылоо оор өтөт. Биринчи белгилери: адамдын дене табы көтөрүлүп, баш оорусу күчөйт жана алсыздык пайда болот. Вирустун негизги таратуучулары болуп жарганаттар саналат. Адамдардын ортосунда аба жана шилекей аркылуу, вирус жуктурган адам менен физикалык байланышта болгон учурда же вирус жуктурган адамдын колу тийген нерселерди кармаган учурда жугат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости