www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус калкына карата кыргыз эли өтө толеранттуу. Орус элинин жумушка жарамдуулары Орусияны көздөй куйругун түйүшүп, бирин-сериндеп калган, көпчүлүгү ансыз деле жыртык бюджеттен пенсия алган кары-картаңдар жана, Глушич, Силаев, Танаев сыяктуу өлкөнүн байлыгын тоноп, тоюп алган соң «Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын» -дешип Орусияга жөнөй тургандар. Атасы еврей, энеси орус Жириновский атасын жашырып «атам физик, энем орус» деп келет, балким ал Казакстанда түрк тилдүүлөрдөн таяк жеп жүрүп өскөн сыяктуу. Себеби, түрк тилдүү калктарга асылганы асылган. СССР убагында «ашказанга жабышып алган рак сыяктуу» түрк элдерин кесип салбасак, Орусия оңолбойт деп жүрүп он беш республиканы тараттырган. Орусия башкаларга салыштырмалуу оңолуп деле кеткен жок. Аларга салыштырмалуу «прибалттар» камчы салдырбай кетишти. Ал эми Казакстан өнүгүү жагынан Орусияны артка таштады. Азыр Борбор Азиядагы газ, мунайзатка бай Түркмөнстан, Казакстанга дүйнө көз артып турат. Өзбекстан деле Шавкат Мирзиеев келгени кээ бирде Вашингтонго сапар тартып Москванын көзүн кычыштырып жатат.

"Орустар кордук көрүп жатышат"-деп жалган жерден чуу салып, Владимир Жириновский Кыргызстан менен болгон мамилени үзүүнү талап кылып жатат. Жириновскийдин айтуусунда Кыргызстан Орусия менен дипломатиялык мамилелерди үзө турган болсо эле жашоосун токтотпойт. Негизи, Жириновскийдин мындай сөзү улутчул, скинхэддерге эле дем берет. Скинхэддер болсо Жириновскийге таянып алышып өңү кара адамдарды көрүшсө эч суроо-сопкутсуз сабап, кээде өлтүрүп да коюшат. Жакында Орусиядан качып келген бир мигранттын айткандары жарык көрдү. Орусиянын чоң шаары эсептелген Новосибирскиден качып келген. Анын айтымында мигрант болуп курулушта эмгектенип жатыптыр. Кээ бир бирге иштешкендери дайынсыз жок болуп кетчү экен. Мунун схемасы мындай тура, скинхэддер кара баштууларды көрсө эле буту-колун талкалап сабап салышчу экен. Алар албетте, жергиликтүү дарыгерлерге кайрылат да, алар колу-бутуна операция жасайбыз дешип наркоз сайышып, наркоз сайылып жаткан шордуунун өпкө, жүрөгүн жана башка органдарын сатып жиберишип, операциядан турбай калды деп, өлүктү моргго жөнөтүшчү экен. Мындай мыкаачыларды Орусиянын мыйзамдары да көтөрө албайт. Кокус Орусиянын мыйзамдуу бийликтеринин колуна түшсө булар өз жазасын алары бышык.

Ушундай скинхэддерди колдогон Владимир Жириновский Кыргызстан менен болгон экономикалык мамилелерди токтотуп, Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну талап кылып жатат. Бул тууралуу маалыматты ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Телеграмм социалдык тармактагы каналына жазып чыкты:

"Кыргыз калькуляторду орус тилинде сүйлөгөн кассирдин бетине ыргытып жиберген. Шүмшүктөр орустарды бардык жерде басмырлап жатышат. Украинадан баштап Борбор Азиядагы орустар кордук көрүп жатышат. Биз канчага чейин чыдашыбыз керек? Биз эртең эле экономикалык мамилелерди үзүп, элчини чакыртып алабыз",-деди Жирикең.

Жириновскийдин айтканы бул популисттик, примитивдик билдирүү. Мындай пикирди Борбор Азия боюнча эксперт орус улутундагы Аркадий Дубнов билдирген:"Бул жерде саясий боёк басымдуулук кылат. Орусияда бир айдан кийин Думага жана парламенттик шайлоолор болорун унутпашыбыз керек. Андыктан максатына оңой жетүүнү көздөгөндөр жана өзүн башкаларга эстетүүнү каалагандар жанданып баштады. Бул ксенофобиялык маанайда жүргөн, эмгек мигранттарына каршы болгон, "улуу державага" болгон сагынычы бар орусиялыктардын добушун алуу үчүн болгон күрөш. Жириновский менен Володиндин айткандарын маргиналдардын сөзүнө теңейм жана бул популисттик, примитивдик билдирүү. Алар шайлоочу деп аталган ошол классты түзүп, ага таянууда.

Кошумчалай кетсек, Жириновский бул билдирүүсүн Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жиберген окуяга байланыштуу жасаган."Орусиянын элчисин Кыргызстандан тез арада чакыртып алуу керек. Кыргызстан менен бардык соода байланышты токтотуу керек", - деген Жириновский. Орусияда Кыргызстандагы орус тилдүү жарандар менен байланыштуу окуялар боюнча Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы, айрым саясатчылар билдирүү жасап, анда Кыргызстанда орус тилдүү жарандарга кысым күчөөдө деген маанайдагы пикирлер айтылган.

Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жиберген. Кассада олтурган кызды калькулятор менен чапкан кишиге карата Жазык кодексинин 266-беренеси бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөргөн. «Биздин чыдам кетип баратат, Орусиядагы эмгек мигранттарынын санын кыскартууну жана экономикалык байланышты басаңдатууну талап кылабыз», — деп айтылат анда. Жириновский Бишкекте болгон окуядан улам Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алып, бардык соода-алаканы токтотууну жана эмгек мигранттарын депортация кылууну талап кылган.

Кыргыз кыргызды урса сөз да болмок эмес, кыргыз орусту уруп ушундай билдирүүлөрдөн соң Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Мамлекеттик Думанын депутаты, ЛДПР фракциясынын жетекчиси Владимир Жириновский менен жолукту. Эске салсак, 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратынын жанында Владимир Жириновский башында турган ЛДПР мүчөлөрүнүн митинги болгон. Мындан улам кыргыз элчилиги аларды жолугушууга чакырган. Тараптар жакында эле Бишкекте балдардын оюн-зоок борборундагы сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишинин окуясын талкуулашкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат мындай көрүнүштөр жана провокациялар кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, бул учур күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, ал боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын белгиледи.Тараптар мындай кырдаалды эки тараптуу мамилелерди туруксуздаштырууга кызыкдар адамдар колдонушу мүмкүн деген орток пикирге келишкен.

Гүлнара-Клара Самат орус тили Кыргызстанда расмий тил болуп санала турганын айтып, ал Кыргызстан элдеринин бардык улуттарынын ортосундагы баарлашуу жана КМШ өлкөлөрүнүн маданий тили катары кызмат кыларын белгилеген. Учурдан пайдаланып элчи 19-августта Чолпон-Атада "ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү" аттуу III кыргыз-орус бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Жириновский аталган иш-чарага катышууга кызыкдар экенин айтып, ЛДПР өкүлдөрүнө туризм, мал чарба жана агрардык сектор чөйрөсүндөгү бизнес-коомчулук менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга барып келүүнү сунуштаган. Ошондой эле ал Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону демилгелеген.

Мамлекеттик Думанын депутаты Кыргызстанда орусиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Орусия шаарларынан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачуу маселесин иштеп чыгууну да сунуштаган. Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилелер өзгөчө достук жана стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешкени айтылды.

Жириновский Ысык-Көл Орусияга гана ылайыктуу деген пикирди айтып, Ысык-Көлдү алууга үмүт кылып жүрөт. Ал Кыргызстан тууралуу да көп айтат:  2005-жылы 24-марттан соң Кыргызстанды бөлүп салып, Өзбекстан менен Казакстанга бериш керек деген. Андан соң Президенттик шайлоо алдында талапкерлердин бири Жириновскийге барып акча сурап, кокус президент болуп калса, Кыргызстандын мен деген мыкты жерлеринен берерин айтыптыр. Жириновскийдин айтуусунда аны жакын жолотпой кубалап жибериптир.

Жириновскийдин айтуусунда сойкуканаларды ачып, Орусияда көбөйтүү керек. Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский үй-бүлөлүү жубайларды ар кандай керебеттерде жана бөлмөлөрдө уктоого чакырган, анткени алар бири-бирин дагы да сагына түшүшөт деп белгилеген ал.

«Баса, керебет жөнүндө: адатта, күйөөсү менен аялы кантип укташат? Сиз бир төшөккө жыгылдыңыз! Башкача айтканда, алар бир керебетте укташат жана түнү бою уктабай, бири-бирине тоскоол болушат. Ошондуктан, сиз өзүнчө керебетте уктаңыз. Ошондой эле, аларды өзүнчө бөлмөлөрдө болуш керек. Маселенин акыркы чечими ушулбу? Жок, сиз өзүнчө батир алышыңыз керек», - деген саясатчы.

Саясатчы өзүнүн позициясын жубайлар бир батирде жашаганда, бири-бирин дайыма көрүп, тажатышкандыгы менен түшүндүргөн: «Мунун баары сизди тажатат, сиз бир нерсеге жаман болгонуңуз үчүн эмес. Жакын жерде, ошол эле тепкичте, бирок сиздер кандай батирлерде болсоңуздар, жолугушкан сайын сагынуу күчөп, чогуу болуу сезими пайда болот. Бардык жакшы адамдарда чарчоо бар», - деген Жириновский.

Жириновский сойкуканалар темасында сөз сүйлөп, мисал катары түрк шаарларынын бирин келтирип, мындай мекемелердин ачылышы оң таасирин тийгизип жатат - киши өлтүрүүлөрдүн саны азайып жатат деген пикирин билдирди.

«Ошентип, мен Түркияны көпкө чейин изилдедим. Демонстрация шаарды айланып өтүп жатат - жалаң эркектер», - деди ал.

Анын айтымында, андан кийин шаар мэри журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, статистикага ылайык, сойкуканалар ачылганда адам өлтүрүүлөрдүн саны азаят деп түшүндүрдү. Ошентип, Жириновский түшүндүргөндөй, шаар мэри эки жамандыктын кичүүсүн тандап алды.

«Биз эсептедик, сойкуканалар ачылганда, бир психикалык оорунун статистикасы бар болчу. Жабылды - эки жылдан кийин, кескин көбөйүп кетти. Ошентип, сойкуканаларды ачканыбыз жакшы, ошондо адам өлтүргөн жиндилер аз болот», - деген Жириновский

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости