www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгууда. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган концепциянын долбоорун аягына чыгаруу боюнча тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жумушчу жолугушуу өткөрүлгөн. Ал президенттик администрация тарабынан БУУнун калк фондунун (ЮНФПА) жана Россия өкмөтүнүн техникалык колдоосу менен уюштурулганы айтылды.

Администрациянын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Аскат Беков демография экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо (репродуктивдүү ден-соолук, үй-бүлөнү пландоо), жаштар, миграция, гендердик теңчилик жана башка көптөгөн тармактар менен байланыштуу экендигин баса белгиледи.

"Концепциянын максаты — биринчи кезекте Кыргызстандын калкынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө негизделген стратегиялык документтерди даярдоо процессин системалуу деңгээлде баштоо. Бул документ өнүгүүнүн ар кандай багыттары боюнча саясий чараларды аныктап, негизгиси болуп калктын саны, адамдын өнүгүшү жана бардык муундарга алардын татыктуу жашоосун камсыз кыла турган ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камтыйт", — деп айтылат маалыматта.

БУУнун калк фондунун кеңсе башчысы Азамат Баялинов аталган тематикалык талкуу мамлекеттик органдардын пикирлерин алып, аларды анализдеп жана стратегиялык мааниге ээ болгон документти иштеп чыгуу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк болгонун кошумчалады.

Жолугушууга келген бир катар эл аралык эксперттердин пикиринде Кыргызстан Борбор Азия боюнча демографиялык саясат иштелип чыга турган алгачкы өлкө болуп калышы мүмкүн.

Эксперттердин, илимий, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен дагы кошумча консультациялар өткөрүлмөкчү. Ошондой эле, демографиялык процесстерди талдоо жана болжолдоо борборун түзүү маселеси да каралып жатканы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости