www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Афтандил Жоробеков жаңы Ак үйдүн курулушунда кыргыз эмес индус жарандар иштеп жатканына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, курулушу жүрүп жаткан жаңы Ак үйдүн тушунан өтүп бара жатып, ал жакта иштеп жаткан индустарды кепке тарткан.

Блогер англис тилин билген 22 жашар индус баланын кайдан келгенине кызыккан.

"Кайдан келдиңер?" деп сурасам "Индиядан" деп жооп берди. Мен сурадым, силерди Дубайдан алып келбедиби? деп. "Жоок биз Дели-Бишкек каттамы менен учуп келдик" деди.

Айлыгыңар канча? десем, "40 миң" деп жооп берди. 40 мин рупий же сомбу? деп тактабадым. 1 рупи 1 cомго барабар", - деп жазган Жоробеков.

Андан соң блогер жалпы канча адам келгенин билүүгө аракет кылган.

"Индиядан 600 адам келдик дейт. Кайсыл ишкана алып келгенин сурасам билбейт экен. Келишим түздүңөрбү десем, "жок эч кандай кагазга кол койгон жокпуз" деди. Булардын Кыргызстанда иштегени деле уруксаты болбосо керек деп ойлоп калдым. Эч кандай салык деле төлөбөйт окшойт.

Байкап карап турсам Кыргызстандыктардай эле иштейт. Өтө жай же өтө тез эмес. Бир топ индус куруучулар тамеки чегип көлөкөдө отурушту.

Айтарым биздин мамлекет барган сайын бизнесменге айланып бара жатат. Бийликтин ордосу боло турган имаратты чет мамлекеттен келгендер куруп жатат. Эки эсе көп төлөсө дагы кыргыз жарандарын иштетиш керек болчу. Бул курулуш менен бийлик элди ойлобогонун 2 эсе көрсөтүп койду.

Биринчиден бул имаратты салык төлөөчүлөрдүн акчасына (2-3 млрд.сом) курганы зарыл эмес болчу.

Экинчиден имаратты куруп жатканда Кыргызстандын жарандарын иштетсе болот эле. Бийлик курулушту эптеп бат бүтүрөлү, ошол эле элге курулушту жетишкендик деп көрсөтөйүн деп шашып жатат", - деп нааразы болгон Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости