www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милицияга 1-августта жабырлануучу кыз кайрылып, 31-июлда Манас проспектисинде бейтааныш адамдар кол салып,. анын 3 уюлдук телефонун жана 14 миң сомун алып кетишкенин айткан. 

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Каракчылык) негизинде каттоого алынган.

Кылмышка шектелип 2002-жылы туулган А.А. жана 1989-жылы туулган Н.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Тергөөнүн жүрүшүндө алардан 6 телефон табылган. Шектүүлөрдүн ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости