www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-апрелде, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына утурлай эмгек ардагерлерине барды.

Ардагерлер Бурул Дүйшалиева, Фатима Токтакунова жана Жамал Акунова өмүрүнүн көп бөлүгүн билим берүү тармагына арнап, эмгек жолун Билим берүү жана илим министрлигинде жыйынтыкташкан.

Министр ардагерлерди Агартуу министрлигинин атынан куттуктап, аларга белектерди тапшырып, ыраазычылык билдирди.

Ардагерлер өздөрүнүн эскерүүлөрү менен бөлүшүп, учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу да айтып беришти.

Жолугушууда Догдуркүл Кендирбаева тармактагы учурдагы реформалар жана жаңылыктар тууралуу маалымат берип, ардагерлер менен пикир алмашты.

Ардагерлер министрликтин жамаатына ийгилик каалап, ак баталарын беришти.

Последние новости