www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычы экенин белгиледи.
"Акыркы 3 жылда чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 40%дан 51%га чейин өстү. Бул туруктуу экономикалык өсүштүн маанилүү көрсөткүчү. Өнүктүрүү фонддору айыл жериндеги долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушу керек. Долбоорлорду ишке ашырууну каалаган демилгелүү жарандарга тиешелүү колдоо көрсөтүү зарыл", - деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасынын долбоору сунушталып, “Пайыздык ченди субсидиялоо аркылуу ишкердик субъекттерди жеңилдетилген насыялоо” долбоорунун жүрүшү жана чакан жана орто бизнести колдоо боюнча аткарылып жаткан чаралар талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасын тез арада бекитүү. Программа жеңилдетилген кредиттик продуктыларды жана кепилдик механизмдерин киргизүү аркылуу ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Ошону менен бирге, ишкердик компетенцияларды жана долбоордун туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү окутуу, акселерация жана бизнести колдоо системасын өнүктүрүү каралууда.