www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйындын күн тартибине интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын камтыган 40 маселе киргизилип, алардын ичинен 19у Кеңештин мүчөлөрү тарабынан талкуусуз кабыл алынды.

Күн тартибинде Бирликтин электр энергиясынын жалпы рыногун түзүүнүн учурдагы абалы тууралуу баяндама угулду. ЕЭК Кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү боюнча иш-чаралар планын жаңылоону караган чечим долбоорун жактырды.

Андан кийин Бажы бирлигинин айрым жарык диоддук (LED) модулдар боюнча ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды. Атап айтканда, жылына 23 млн даанага чейин модулдар (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 8539 51 900 1) 2028-жылдын 30-июнуна чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.

Мындан тышкары улуттук маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иш-чаралар планы жактырылды. Бул ЕЭАБдин интеграцияланган маалыматтык тутуму аркылуу жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды көзөмөлдөөнүн  бирдиктүү механизмин түзүүгө багытталган. Мындай чаралар бүтүндөй Бирликтин аймагында товарлардын кыймылын ачык-айкын кылып, ветеринардык көзөмөлдү күчөтөт. 

ЕАЭБ жана Тунис Республикасынын ортосунда эркин соода келишимин түзүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдеген биргелешкен топтун ишинин жыйынтыктары жактырылды.

Тунис Республикасы менен эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу чечимдин долбоору мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки жыйынында каралат.

Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу максатында ЕАЭБдин укуктук-нормативдик базасын чыңдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды. Анын алкагында ЕЭКке Бирликтин өлкөлөрүндө инфляциянын өсүү темпин кармоо боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу тапшырылды.

Өндүрүүчүлөр үчүн административдик жүктү азайтуу максатында Медициналык буюмдардын сапатын башкаруу системасына коюлган талаптарга өзгөртүүлөр колдоого алынып, стерилизация процесстерин аутсорсингге берүү жөнөкөйлөштүрүлдү.

Бул өзгөртүү өндүрүшчүлөргө өндүрүштү текшерүүнүн чыгымдарын жана мөөнөттөрүн кыскартууга, ал эми текшерүүчү уюмдарга ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Натыйжада Бирликке мүчө- мамлекеттердин саламаттык сактоо системалары үчүн медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгү жогорулайт.

Мындан тышкары, товарлардын жаңы топтору үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоону киргизүү боюнча чечимдер топтому кабыл алынды:

1. Курулуш материалдары жана боёочу продукциялар (керектөөчүлүк таңгакта).

2. Балдар үчүн товарлар (14 жашка чейинки балдарга арналган оюнчуктар жана оюндар).

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер өз аймагында маркировканы киргизүүнүн күнүн жана тартибин өз алдынча аныктай алышат, бирок бул тууралуу Комиссияга кеминде 6 ай мурда билдирүүгө тийиш.

Жыйындын жыйынтыгында Кеңеш тарабынан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартиби бекитилди. Аталган жыйынды үстүбүздөгү жылдын май айында Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өткөрүү пландалууда.

Последние новости