www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жеке менчик жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу акысынын өлчөмүн белгилебей турганын жана түздөн-түз жөнгө салбай турганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 55-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын наркы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча белгиленет.

Окуу акысынын өлчөмү, төлөө тартиби жана шарттары мектеп менен ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлөт.

Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын компетенциясына кирет.

Ошол эле учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жеке менчик мектептер көрсөткөн билим берүү кызматтарынын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт.

Ал эми мамлекеттик мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим берүү мыйзамда белгиленген тартипте акысыз жүргүзүлөт.

Министрлик жеке менчик билим берүү уюмун тандоо ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн чечими экенин белгиледи.

Последние новости