www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жаңы айып короо жайы пайдаланууга берилди

Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана эреже бузган, ошондой эле ээсиз калган транспорт каражаттарын убактылуу сактоо үчүн жаңы айып короо жайы пайдаланууга берилди.

Жаңы объект Ж. Раимбеков жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анын жалпы аянты 6 091 чарчы метрди түзөт.

Маалыматка ылайык, айып короо жайындагы курулуш жана көрктөндүрүү иштери 2025-жылы башталган.

Долбоордун алкагында 5 452 чарчы метр аянтка асфальт төшөлүп, 256,5 метр бордюр жана 549 метр темир тосмо орнотулган.

Ошондой эле 359 метр ирригациялык система жүргүзүлүп, 300 чарчы метр аймак жашылдандырылган.
Объекттин абалы жана түзүлгөн шарттар менен Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жеринен таанышып чыгышты.

Мэриянын маалыматына караганда, жаңы айып короо жайы жол кыймылын тартипке келтирүүгө, эрежелерди бузган унааларды коопсуз сактоого жана шаардагы санитардык-эстетикалык абалды жакшыртууга шарт түзөт.

Ош шаарында бош жана пайдаланылбаган жерлерди натыйжалуу пайдалануу, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.

Последние новости