www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эстониянын коргоо министри Мартин Херем өлкөсү Орусия менен мүмкүн болуучу аскердик тирешүүгө даяр экенин билдирди.
Херем Эстониянын Илимдер академиясынын президиумунун жыйынында сүйлөп жатып, өлкөсү Орусияга каршы жалгыз өзү да күрөшө аларын айткан.
Министрдин айтымында, Орусия Эстониянын чек арасынан өтсө, эстон армиясы аскердик жооп кайтарат.
«Эстония Орусия менен жалгыз өзү күрөшө алат. Эгер чек арадан өтсөңөр, баарыңарды өлтүрөбүз», - деген Херем.
Ал ошондой эле Орусиянын аскердик инфраструктурасына сокку урулушу мүмкүн экенин билдирген. Херемдин айтымында, эгер Эстонияга 50-100 чакырым аралыктан чабуул жасалса, жооп иретиндеги соккулар Орусиянын Ивангород, Печоры жана башка аймактарындагы бутага багытталышы мүмкүн.
Эстон министри өз сөзүндө Орусия бир нече көз карандысыз мамлекетке бөлүнүшү керек деген пикирин да билдирген.