www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев учурда эки оттун ортосунда турат. Оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң деген абалда. 

Дегенибиз, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксаат берүү сунушун Жогорку Кеңешке киргизди. Эми бул Зулушевдин өз эрки менен болдубу, же бийликтин тапшырмасы менен аргасыз ушундай кадамга бардыбы, айтор, өз ишин жасады. 

Бирок мындай аракети аркылуу Өзгөн элине жаманатты болуп калышы мүмкүн. Себеп дегенде, буга дейре бир да бийлик Мадумаровду камоого куштар болгон эмес. Эми болсо Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү Өзгөндөн болуп туруп, Мадумаровду камайм деп жатканын өзгөндүктөр кандай кабылдайт деген маселе бар. 

Андыктан, кийин Зулушев Мадумаровду камаган деген сөз ээрчийт. Мындан улам, Зулушев кызматты же элди тандай турган жерде болчу. Тилекке каршы, кызматты тандады. 

Демек, Курманкул Зулушевдин президент болуу дымагы күчтүү деген сөздөрдүн чындыгы бар экен. Анткени, кийинки президенттике бирден-бир татыктуу деген жердеш агасынын колу-бутун бууп, жолдон тазалап жаткандай... Ошол үчүн мыйзамды чаккан Зулушев Мадумаровго коюлуп жаткан айыптар, анчейин ынанымдуу болбогонуна карабай, камоого кызыкдар болуп жатат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости