www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Зарылбек Шермаматов Фейсбуктагы өздүк баракчасына Жогорку Кеңештин экс-депутаты, камакта отурган Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэктин Талас облусуна барып эл алдында сүйлөгөнү боюнча өзүнүн пикирин жазып чыкты.
"Ай-Данэкти Таластык туугандар абдан жакшы кабыл алышты. -"Оппозициялык лидердин кызы"- деп ызаат көрсөтүштү. Ал Таласка барып эл алдында биринчи жолу сүйлөдү. Ошондуктан бир аз толкундаса керек. Ай-Данэк кичинекейинен орус бакчага, орус класста окуп жүрүп, орусча сүйлөп калганы менен накта кыргызча тарбия алган. Анын улууга урмат кичүүгө ызаат көрсөткөндүгү, ак көңүлдөгү, намыскөйлүгү чыныгы кыргыз кызынын күлк мүнөзүнө туура келет. Ооба, айрым сөздөрду кичине "акцент" менен айтып коюптур. Бирок, ал "кыргызча так сүйлөйүн, элге аралашып, элдин кызы болоюн"-деп аракет кылып жатат. Ошону көрө албай "Төө бастыга алган" айрым сынчы сөрөйлөр уялбайсыңарбы? Ай-Данэктин жеке кадыр баркына шек келтиргенге эч ким акысы жок. Кемчилигин ачуу тил менен айткандардын өзүнүн адамдык деңгээли төмөн экенин айгинелеп турат. Айрымдар "атасы жазып бергенди окуп коюптур" - деп сын тагып жатышат. Ээ байболгурлар!... Атасы сөз жазып берсе, -"Өз перзентине кам көрүп, аны ораторлукка тарбиялап жатыптыр"-деп ой жүгүркөнгө акылыңар жеткен жокпу?.. Жаш кызга жаман сөз айтып, жер менен жексен кылам деген ичи таар кара мүртөздөрдүн тилеги таш капсын. Ай-Данэк чет өлкөдөн билим алды. Анын ошол жакта иштеп калууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок ал "билимимди эл журтума арнайын"- деп тилек кылат экен. Ай-Данэк боорукер, билимдүү кыз. Келечекте элине кызмат кылат деп терең ишенем!... ИЙГИЛИК КААЛАЙМ АЙ-ДАНЭК!...."-дейт журналист Зарылбек Шермаматов.
Булак: NazarNews.kg