www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аял менен эркектин ортосунда чыныгы достук болобу жана дос болгусу келген кыз менен жигиттин негизги катачылыктары эмнеде? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине клиникалык психолог Мария Зеленова жана үй-бүлөлүк психолог Евгений Корчмарек айтып берди.

Зеленованын пикиринде, достук аял-эркегине карабай, бардык эле адамдардын ортосунда болушу толук ыктымал.

«Достук — бул эки же бир нече адамдын ортосундагы өзгөчө эмоционалдык байланыш. Мындай учурда адамдар бири-биринин жанында болуп, кеңешин угуп, колдоо көрсөткүсү келет. Мындай мамиле эркек менен аялдын ортосунда деле болот. Бирок экөөнүн бири же экөө тең муну сүйүү же сексуалдык тартылуу катары кабыл алат. Ошол учурда экөө достуктун чегинен чыгып, өтө «жакындап» кетишет. Кийин гана туура эмес кылганын сезип, бири-биринин алдында ыңгайсыздык жаралат. Ушул учурда достук бузулат», — деди адис.

Ал эми Евгений Корчмарек кээ бир учурда аял-эркектин ортосундагы жактыруу мамилелери, тескерисинче, достукка айланып кетерин айтат.

«Кээде үй-бүлөлүү же жөн гана башын башка адамга байлап койгон кишилердин ортосунда жактыруу сезими пайда болот. Бирок алар сүйүү мамилесинде боло албарын так түшүнүп, бирок бири-биринен кол үзүп коё алышпайт. Мындай учурда ачык сүйлөшпөсө дагы, өздөрү үчүн эрежелерди коюп алып, дос катары мамилесин улай беришет», — дейт психолог.

Адистин айтымында, мындай достордун ортосунда тамаша-чынга аралаштырып сезимин билдирип, бири экинчисине көңүл кош эмес экенин билдирген учурлар көп болот.

Мындан тышкары, психологдор кээ бир учурларда капысынан болгон сексуалдык мамилелерден кийин деле достук мамилесин сактап калып, кийин көп жылдар бою кол үзүшпөгөн адамдар бар экенин кошумчалашты.

Негизгиси адистер киши мамиле куруп жаткан адамдан эмнени каалап жатканын өзү үчүн так аныктап алууну туура деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости