www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (КНБ) Авиация кызматынын Ан-26 учагынын кыйрашынан аман калган эки аскер кызматкерине операция жасалып, оор абалда реанимацияда жатат, деп билдирди Алма-Ата саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы.

«Бейтаптарга операция жасалды, абалы туруктуу оор, реанимацияда», -  деди шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлү.

Ошондой эле, ал жабыркагандардын өмүрүн сактап калуу үчүн «мүмкүн болгон бардык нерсе» жасалып жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, учак 13-март күнү кечинде Алматы аэропортуна конуп жатканда кулап түшкөн. Маалыматка ылайык, учактагы алты кишинин төртөө көз жумду, экөө күйүк жана сыныктар менен ооруканага жеткирилген.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учак кырсыгынын себептерин иликтөөнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости