www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунда баңгизат жана курал-жарактар, ок дарылар сакталган жер аныкталып, бул ишке тиешеси бар кишилерди аныктоо аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

«Жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм. калибрдеги 37 даана ок жана жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана жыттанган зат табылды», - деп билдирди атайын кызмат.

Факт боюнча 11-мартта Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Табылган буюм, заттар экспертизага жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости