www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: 15-марттан баштап кайрадан карантин киргизилет

Италиянын калк көп жашаган аймактарындагы дүкөндөр, ресторандар жана мектептер жабылат. Мындай чектөөлөр 15-мартта баштала турганын өлкөнүн премьер-министри Марио Драги жарыялады.

Мындай чечим коронавирустун жаңы толкунуна байланышкан коркунучтардан улам кабыл алынган. Карантин өлкөнүн дээрлик жарымына, анын ичинде Рим менен Миландын аймагындагы калк жыш жайгашкан райондорго да тиешелүү.

Мурунку жылы Европада биринчилерден болуп Италиянын түндүгүндө, кийинчерээк өлкөнүн бардык аймагында карантин жарыяланган болчу.

«ВВС» жарыялаган маалымат боюнча, Италияда коронавирус жуктурган адамдардын саны 6 жумадан бери жогору болуп, күнүнө 25 миңден ашып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости