www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия полициясы Москвада ишембиде (13-мартта) өткөрүлө баштаган оппозициячыл иш-чарага катышкан 200гө жакын кишини кармап кетти. Алардын көпчүлүгү – оппозициячыл ишмерлер жана муниципалдык депутаттар. Бул – быйыл күздө боло турган шайлоону утурулай Кремлди сындагандарга каршы бийлик тарабынан жүзөгө ашырылган соңку зомбулук аракети болуп калды.

13-мартта Москванын «Измайлово» мейманканасында сентябрда өтө турган парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор тууралуу талкуу кылууну көздөгөн шерине башталгандан көп убакыт өтпөй эле полиция кызматкерлери бул жыйынга чабуул жасады. Орусиянын Ички иштер министрлиги бул чабуул маалында 200дөй киши кармалганын жарыялады.

Шеринеге катышуучулар жана байкоочулар иш-чарага катышкандардын бардыгы, анын ичинде бир нече журналист да убактылуу кармалды деп божомол кылышууда.

Полиция болсо кармалгандар коронавируска байланыштуу саламаттык сактоо эрежелерин аткарбагандыгын жана бул шериненин (форумдун) «жарамсыз уюм» делген бирикме менен байланышы болгонун маалымдады.

ИИМдин билдирүүсүндө: «Катышуучулардын кыйла бөлүгүндө (коронавируска каршы) жеке коргонуу каражаттары жок болчу. Катышуучулардын катарында Орусиянын аймагында ишмердүүлүгү жарамсыз деп эсептелген уюмдун мүчөлөрү да болду», – деп айтылат.

Орусиянын 50дөн ашуун чөлкөмдөрүнөн келген катышуучулар шайлоо стратегиясын талкуулоо үчүн «Бириккен демократтар» долбоору уюштурган шеринеге чогулушкан. Бул уюм болсо прокурорлордун колундагы «жарамсыз» делген уюмдардын тизмесинде жок эле.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости