www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Конституциянын жакшы да, начар да жактары бар”, - деди бүгүн, 14-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.
-Конституция боюнча маселени бир жактуу караган туура эмес. Конституциянын жакшы да, начар да жактары бар. Негизги маселе шашылыш жана легитимдүү эмес парламент кабыл алып жатканында. Референдумда эл добушту кантип берери бештен белгилүү да. Азыр эл конституциядан эч нерсе деле күтпөйт. Элдин күткөнү жаны президент жакшы жылыш жасай алабы же жокпу деген эле маселе. Эгер 1-2 жылдын ичинде жакшы жылыш болбосо эл дагы көчөгө чыгат.
-Президенттин Өзбекстанга болгон иш сапары жемишүү эле болдубу?
- Формалдуу өңүттөн караганда жемиштүүдөй сезиле берет. Мындай жолугушуулар, келишимдерге кол койуулар эгемен тарыхыбызда көп болгон. Баарын айтпаганда да ТҮБӨЛҮК ДОСТУК КЕЛИШИМИ бар. Ким айталат биздин эки өлкө иш жүзүндө ошондой мамиледе жашап келди деп. Ошондуктан демибизди басып күтө туралы - иш жүзүндө эмне болоор экен.
Булак: NazarNews.kg