www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аял кишини өлтүрөм деп коркутуп өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, март айынын ортосунда ички иштер органдарына арыз келип түшүп, анда мурда бир нече жолу соттолгон адам аялды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранышкан.

“Арызында чала тааныш адам аялдын ишенимине кирип, анын баасы 5000 АКШ доллары турган “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасын сатууга көндүрүп, акча каражатын карызга алган. Карызга алган акча каражатын кайтарып берүүнүн ордуна аны ар дайым аңдып, өлтүрөм деп коркутуп, стресстик абалга жеткирген. Анын кесепетинен аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча 136-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Натыйжада, кылмышка шектүү мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1983-жылы туулган М.К. экени такталып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Билдирүүгө таянсак, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда иликтөө жүрүп жатканы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости