www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте айлыктын аздыгынан 89 дарыгер ишин таштады

Учурда Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясында 89 бош орун бар. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде билдирди.

Дарыгерлер жумуштан баш тартканын негизинен аз өлчөмдөгү (5000 сом) эмгек акы менен байланыштырышат.

«Өкмөт 1-июлдан тартып медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 40 пайызга жогорулатат», - деди министр.

Министр дарыгерлердин орду клиникалык ординаторлор - жаш кызматкерлер менен толуктала турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости