www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга кол койду.

Депутат Гүлшат Асылбаева сунуштаган документти коомчулуктагы сындан улам мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарган эле. Карама-каршы пикирлер дале токтогон жок.

Ошол себептүү Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев төмөндөгүдөй ойдо. 

--"Бул мыйзамды аткарууда интернеттин баасы өсөт. Абоненттерди идентификациядан өткөрүү, бөгөт коюу иштери үчүн аппарат, программалык камсыздоо болуш керек. Бир канча адам иштөөгө тийиш. Ага каражат пландалган эмес. Мыйзамда каралган иштер бизнестин функциясына кирбейт. Ошондуктан каршы чыгып жатабыз. Интернетти чектөө - пайдасыз жол. Бөгөт коюуну айланып өтүүнүн толгон-токой амалы бар", - деген ал. 

Кайрылууда сөз болуп жаткан документ Баш мыйзамга каршы келери, адамдын сөз эркиндиги, эркин оюн билдирүү сыяктуу укуктарын чектери жазылган. Эксперттердин айтуусунда, мыйзам долбоорун ишке ашыруунун механизми, каржы булагы көрсөтүлгөн эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости