www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Аида Жекшенбаевна, кабарыңыз барбы, улуттук госпиталда эмне болуп жатат?
- Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылгандан кийин жумушка чыгып, өзү жетектеген улуттук госпиталда реорганизация жасоодо. Бул туура эмес. Реорганизация жүргүзүү үчүн экономикалык ар кандай анализдер керек. Ошондон кийин реорганизациябы, же башка реформабы, жургүзсө болот. Бирок, бул улутгук госпиталь. Бүт Кыргызстан боюнча бейтаптарды кабыл алат. Башкалар аны кеңейтип, кошумча каражат бөлүшөт. Бизде болсо кеңейткендин ордуна кайра кыскартып жатышат.
- Мыйзамда «үй камагына чыккан киши мындай же тигиндей иштерди кыла албайт» деген чектөөлөр барбы?
- Батукаевдин иши аябай чуулгандуу чоң иш. Туура эмес диагноз койгону үчүн врачтар камакта отурбайбы. Анда эмне үчүн тармакты башкарган министр үй камагына чыгып, жанагындай иштерди жасоодо? Эл нааразы болуп, бизге кайрылып жатышат. Мен бул боюнча прокуратурага арыздандым. Эми АКСке кайрылам.
- Ага карата баш коргоо чарасы өзгөрүлүшү мүмкүнбү?
- Балким. Иликтөө жүрүп аткан учурда ал жумушка чыкпашы керек болчу.
Булак: “АЗИЯnews”