www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карылардын ичинде да мыктылар бар. Ошол мыктылардын бири Мыктыбек Абдылдаев. Созолонуп ырдаган Абдылдаев совет мамлекетинен бери келаткан “бийлик сүйгөн” алмашкыс кадр. Өзүн гана ойлобойт ага-инилерин бийлик тарапка вице-премьер, депутат,  Бишкекке мэр кыла жүрөт. Акаев президент кезинде Мыктыбек Абдылдаев Башкы прокурор эле, бирок эмнегедир Бакиевдин учурунда президенттик аппаратты башкарып орун басары Медет Садыркуловго бийликти бийлетип койгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясына ыйлактап жатып, мүчө болуп кирип, ошол бойдон парламентти “менчиктештирип” алды. Кээ бир учурда сакалдуу катары трибунага секирип чыга калып, бирдеме деп сүйлөй калчу. Акыркы мезгилде Абдылдаевдин аты унутулуп баратат, анткени, Момбеков деген журналист – депутат жүрөгүнүн үшүн алып койгондой. Момбеков Таласын, анан Манасын айтып парламентте “куран окугуча” Абдылдаев акактап, шилекейин агызып момпосуй болуп отуруп калат. Же анын жашы өтүп карып калганбы, “Бөрү карыса бир койлук алы бар” –дейт, Абдылдаевдин депутат катары “бир койлук” алы да калбай баратканы, анын сакалына ак кирип баратканыбы же  Момбековго окшогон жаштар “момпосуй” болуп отур деп зекип койгонбу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости