www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский комик болсо да Украинада Порошенконун ордун алып президент болду. Эң биринчи аракети парламентти жайлады, анткени Рада мурунку президент Порошенконун парламенти экен. Бизде болсо кандай? 2017-жылы 24 – августта ал кезде президентке талапкер болуп жаткан Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысынан кетти. Анын ордуна Сапар Исаков өкмөт башчысына көрсөтүлдү. Парламентте отурган депутаттар 99 пайыз менен жүздөрү кызарбай Сапар Исаковдун талапкердигин колдоп беришти. Колдосо колдоп берсин, бирок 8 айдан соң 2018-жылдын 20-апрелинде 99 пайыз Сапар Исаковго каршы чыгышып, Мухамедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн 99 пайыз менен колдоп беришти уялбай турушуп. Элдин парламентке болгон ишеними жоголду. Жок дегенде 50 пайыз добуш беришсе болмок. Эмне 8 айда өкмөт башчысынын ишеними ушунчалык кеттиби? Көрсө парламенттеги депутаттар ким каякка айдаса ошол жакка кете берген, капчыгын гана ойлогондорго толуп алыптыр. Ошол үчүн президенттен кеткен Атамбаев аларга : “Чимкириктер” деп таамай ат койгон. Атамбаев алты жыл президент болуп Кыргызстанды оңдурган жок, бирок президенттен кетери менен ушул сөздү айтты. Ушул сөзгө арданып кетиштиби же ошол сөз мээсине эми жеттиби, парламентте мурунку кеткен президентке асылуулар башталды. Же эмне парламенттик шайлоо жакындай баштадыбы? Эмнеси болсо да депутаттар каникул алдында ойгонушту.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости