www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-спикер Аида Касмалиева жаңы Конституциянын долбооруна депутаттар берген сунуштардын бири да кошулбаганын билдирди.

Азыркы тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жаңы Баш мыйзамдын долбоорун карап жатат.

Белгилей кетсек, 17-февраль күнү Баш мыйзамды демилгечи болду делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган. Анда эл өкүлдөрү бир нече кемчиликтерин таап, сунуштарын беришкен. Анда Конституциялык кеңешменин катчылыгы карап чыгып сунуштарды кошо турганы айтылган.

--"Конституциялык кеңешменин катчылыгынан сурасам бир да сунуш келген жок деп жатат. Анда биз айткан сунуштар кайда кетти, эмнеге кайра-кайра талкуулап жатабыз? Бүгүн комитетте каралып жатат, эми мындан ары регламентке ылайык эч жерин өзгөртө албайбыз. Баш мыйзамдын бир үтүр, чекити да чоң маани берет. Азыр долбоордо редакциялык каталары кыргыз, орус тилиндегиси эки башка чыгып жатат. Аны кантип оңдойбуз", — деди Касымалиева.

Ал эми депутат, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Турусбеков лингвистикалык экспертиза качан бүтөөрү туурасында билбей турганын, аны ЖК аппаратынан суроо керектигин айтты. Натыйжада суроо жоопсуз калды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости