www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Меган Маркл ханбийке Диана жөнүндө эмне деди?

Сассекс герцоги жубайы Меган Маркл менен бирге белгилүү америкалык журналист Опра Уинфриге интервью берди. Сүйлөшүү учурунда ал өзүнүн энеси, принцесса Диана жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, ханзаада Гарри Уэльс ханышасы менен болгон окуя аны менен кошо кайталанат деп чочулап жаткандыгын мойнуна алды.

Ошондой эле, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин небереси азыркы оор мезгилде жубайы Меган Марклдын жанында болгонуна кубанычта экендигин билдирди.

Герцогдун айтымында, ханбийке Диана 1996-жылы августта жолдошу Уэльс принц Чарльз менен ажырашкандан кийин падышалык үй-бүлөдөн чыгып кеткенде кандай окуяларды башынан өткөргөнүн элестете да алган эмес. Ошол кезде Диана ханбийке өзүнүн жогорку кызматынан баш тарткан.

Белгилей кетсек, буга чейин герцог жана герцогиня Гарри менен Меган Британиянын королдук үй-бүлөсүнө мүчөлүк статусунан толугу менен баш тартканы жана ага падышанын милдети кошулгандыгы айтылган.

Ал эми Уэльс ханзаада Чарльздын кенже уулу Гарри 2017-жылы ноябрда америкалык ажырашкан актриса Меган Марклга кудалашкан. Алардын үйлөнүү тою 2018-жылы 19-майда Виндзор шаарында өткөн. Бир жылдан кийин алар Арчи аттуу уулдуу болушкан.

Эске салсак, 2020-жылы Гарри жана анын жубайы падышанын үй-бүлөсү менен макулдашуу боюнча, «Жогорку Зат» наамына жана SussexRoyal брендине болгон укуктарынан ажыратылып, расмий түрдө падышалык милдеттеринен баш тартканын билдиришкен.

Кыязы, алар муну каржылык көз карандысыздыкка жетүү үчүн жасашкан окшойт. Бул чечим 2020-жылдын март айында күчүнө кирген. Ханзаада бир жылдын ичинде өз оюн өзгөртүүгө укуктуу болгон.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости