www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аида Салянова Кыргызстанда төрт күндүк иш жумасын киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу билдирди.
Анын айтымында, төрт күндүк иш жумасы АКШ, Улуу Британия, Япония жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө сыноодон өтүп, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана кызматкерлердин иш менен жеке жашоосунун тең салмактуулугун жакшыртууга оң таасирин тийгизген.
Ошол эле учурда Салянова мындай система медицина, билим берүү жана транспорт сыяктуу үзгүлтүксүз иш алып барган тармактарга тиешелүү болбошу керектигин белгиледи.
Анын пикиринде, төрт күндүк иш жумасын негизинен интеллектуалдык эмгек менен алектенген мамлекеттик жана жеке мекемелерде пилоттук негизде карап чыгууга болот.