www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги эркин журналист Айданбек Акматов менен коомчулукта талкуу жраткан маселе боюнча баарлаштык.

-Айданбек мырза, Орусиянын президенти Путин Кыргызстанда шайлоо сайын төңкөрүш болгону Кыргызстандын, кыргыз элинин шору деген оюн айтты. Ал бул сөзү эмнеден кабар берет, эмнени каңкуулайт?

-Путиндин ал сөзү биздин оор абалыбызды каңкуулайт! Саясий системабызды иштей турган жолго сала албай, улам чабылып жатканыбызды каңкуулайт. Экономикалык жактан алсырап, сырттан келген жардамдын эсебинен жашап калганыбызды каңкуулайт. Мына ушул абалыбыз дагы оорлошуп, бийликке мыйзам, Конституцияны сыйлабаган, аткарбаган адамдар келип калганын каңкуулайт.

Садыр Жапаров Кумтөр үчүн күрөшүү, мына ошон үчүн абакта отурат, бул мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн абакта адилетсиз отуруп калды деп, анын боштондугун талап кылып жүрсөк, ал абактан чыга калып, “Кумтөрдө алтын калбады” деп оозубузду ачтырып, келмебизди түшүрдү. Андан кийин сотторду айдап алып, каалаган чечимдерди чыгарта баштады. Парламенттеги кошоматчылар менен мыйзам, Конституцияны бузуп, шайлоо мөөнөттөрүн каалагандай өзгөртө баштады...

-Сергей Лавровдун Руслан Казакбаевди «үй ээсин сыйла» дегени бизди тоготпогонубу?

-Албетте, тоготпогону, жогортон караганы. Бирок ага биз өзүбүз себепкербиз. Мышык ыйлагыдай абалыбыз себепкер. Мамлекетти, экономкабызды оңдой албай, бирөөнүн көзүн карап, жардам сурап турган абалыбыз себепкер. Бюджетибиз 2 млрд. долларга жетпей калды. Тартыштык күчөп, көбөйүп баратат. Карап көрүңүз, быйыл май айында өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүн 164 млрд. сомдон 132 млрд. сомго түшүргөн.

Эми дагы да түшүрөт. Бирок аны аткарууга да чама жок. Ошол бюджеттин жетишпестигин жабыш үчүн Россия негизги ролду ойногон Евразия фондунан 100 млн. доллар же 8 млрд. сом насыя алыныш керек эле. Россия өткөндө финансылык агымдарды токтоткондо мына ошол насыя берүүнү да токтоткон. Ошону сурап, “бизди түшүнүп жардам бере койгула” деп жалдырап туруп, “гордый” болуп алар түшүнбөгөн кыргыз тилинде сүйлөшүү Лавровдон ошондой сөздүн чыгышына алып келди...

Кыргыз тилди Кыргызстанда өнүктүрүп, ушул жерде кеңири пайдаланып, экономиканы көтөрүп, башка мамлекеттер алдында жардам сурап жалдыраганды токтотууга жетишсек жакшы болот эле...

Булак:NazarNews.kg

Последние новости