www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын улуттук коомсуздук кызматы чек арада чыккан окуя боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу тажик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Тажикстан такталбаган жерди өзүнүкү деп эсептейт.

“25-октябрда саат 13.30да Исфара районунун  Ходжаи Аъло айылынын тургундары эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштырып жатканда 25-30 курал көтөргөн Кыргыз чек арачылары келишип тургундардан ишти токтотууну талап кылышкан. Чек ара кызматкерлери Тажикстандын аймагын такталбаган аймак деп ок чыгарган. Эч ким жабыркаган эмес”,-деп айтылат Тажикстандын УКМКсы.

Чыр чыккан жердеги кыргыз жарандарынын айтымында, тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишин токтоткон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости