www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизаттарды ташыган туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги башкармалыгы менен биргеликте Кыргызстандын аймагына, андан соң башка өлкөлөргө Тажикистан Республикасынан афган түспөлүндөгү баңгизаттарды ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү аякташты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Баткен облусунун Лейлек районунда жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сактоого шектелип Лейлек районунун жашоочулары 1977-жылы туулган А.Ш. менен 1972-жылы туулган Р.К. кармалган. Кармалган жарандар баңги кылмыштуулугу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.

Андан сырткары, кызматтык итти колдонуу менен тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйүндөгү бактын алдына көмүлгөн өзгөчө жыты бар таңгакталган баштык табылган.
Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, 5 килограмм 873 грамм салмактагы апийим жана 3 килограмм 916 грамм болгон афган түспөлүндөгү гашиш табылып алынды.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Тактама: көмүскө базарда жогорудагы алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 70 000 АКШ доллар турат. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости