www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдун денгээли төмөн кулап баратат. Бул тууралуу пикирин белгилүу жазуучу Чолпонбек Абыкеев азып чыкты.

Ага кошумча, «Экономика,маданият, адабият боюнча жазсаң эч ким деле окубайт. Үн кошкондор жокко эсе. Коомдогу денгээл, "Баланчанын чапаны баланча сом турат экен?"- дегенди тим эле жоктон тапкансып дуу түшүп талкуулаганга чейин кулады. Кейпи акыл-ой жүгүртүүбүздүн дарамети ошого эле жетип калды окшойт. Болбосо бир кезде ким канча маяна алаарын, кандай кийинээрин сөз кылуу маданиятсыздык катары кабыл алынып, жашоо этикасын бузганга кирээр эле. Ушуга жеттикпи? Жаштар аз-аздан болсо да билим, маданият этика денгээлиңерди көтөрүүнүн аракетин көрсөңөр боло», - деди Чолпонбек Абыкеев.

Чыны менен учурда «жаштар» деп ураан чакырганы менен өсүп келе жаткан жаштардын көпчүлүгү тетири тарапка кетсе, салабаттуу, мыкты жаштар артта калды. Кечээги болуп өткөн окуядан кийин Ак үйдү өрттөгөн, үстөлдүн үстүндө басып, техникаларды талкалап жаткан жаштарды көрүп, дүйнө жүзү «маугли», «варварлар», «апокалипсис» деп жазышууда.

Эң өкүнүчтүүсү, мамлекеттик кызматта бир күн иштебегендердин мамлекеттик кызматка келиши – чоң трагедия! Бул көрүнүш мамлекетти жакшылыкка алып келбейт, элдин оюн дагы кыла берген өлкөнүн жок болуп кетүүнүн кадамы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости